Социалдык-психологиялык кызмат

1.Соц педагогдун   милдети

2.Соц педагогдун  максаты

3.Соц  педагог эң  негизги  көңүл   бурган  опуртал   топтор

4.Алты  тараптуу  келишим

5 .Соц педагогдун 1 жылдык  иш  планы

  • К.Мамытов  атындагы №29  Чоң-Тогузбай жалпы  орто  билим  берүү мектебинде   соц педагогдун  аткаруучулук милдеттери .
  • Баланын  жашоо -тиричилилгиндеги  орчундуу  маселелерди  чечүүдө  бала  менен  үйөбүлөөүн ,  мектептин  комдук  чөйрөнүн   социалдык   кызматтардын ,укук   коргоочу   жана  администрациялык  органдардын  ортосунда   арачы  болот да, анын  кызыкчылыктарын   жактайт.
  • Балдардын   жашоо   шартын  иликтөө үчүн социалдык   сурамжылоо , диагноздоочу   изилдөө  жүргүзөт.
  • Окуучулардын   инсанынын  психологиялык -медициналык — педагогикалык  өзгөчөлүктөрүн , жашоо чөйрөсүн  жана   шарттарын  иликтейт.
  • Баланын  жүрүм  — турумуна   байланышкан   кыйынчылыктарды,  чыр-чатактуу  кырдаалдарды , жүрүм — турумдагы  кемчиликтерди  аныктоо   максатында  үй-бүлөөнү  иликтейт.
  • Ата-энелер   менен   балдардын   мамилелерин    жакшыртууга   көмөктөшөт. Бейжай  үй-бүлөдөгү   балдардын  баарлашуусу (коммуникативдик ) көндүмдөрүн  өнүктүрүүгө  өбөлгө  түзөт.
  • Ата-энелердин  педагогикалык  маданиятын  жогорулатууга , алардын   ата-энелик  милдеттерге   аң  сезимдүү  мамиле   жасашына  көмөктөшөт, ошондой  эле   ата-энелери   менен    мамилеси   начарлаган   балдардын  маселелерин  чечүүгө  жардам  берет.
  • Балдарды коргоо  жана  социалдык   колдоо өмүрүн жана ден-соолугун   сактоо  боюнча  чараларды   көрөт
  • Камкордукка   жана  тарбияга  муктаж   балдарга   зарыл   жардам  берет.

*Социалдык педагогдун   максаты:

  1. Баланын  статусун  аныктоо;
  2. Баланын  өнүгүүсүнө  жекече  көңүл  буруу;
  3. Баланы  көндүрүү оңдоо жана колдоо;
  4. Баланын   кызыкчылыгын  укуктарын  коргоо;
  5. Баланы   жашоо    мейкиндигинде  коргоо , кам  көрүү;

*Социалдык педагогдун    негизги  багыттары:

Мектептеги социалдык — педагогикалык ишмердиктин багыттары маселелерди анализдөөнүн негизинде аныкталат.

  • социалдык  — педагогикалык изилдөө;
  • баланын укутарын коргоо;
  • социалдык-педагогикалык кеп-кеңеш берүү;
  • -алдын  алуу,түзөтүү  жана  калыбына  келтирүү  ж.б
  • -Талдоочулук
  • -прогноздоо  (алдын  ала  айтуу)
  • -ортомчулук
  • -бала  менен  жекече сүйлөшүү,үй шарты  менен  таанышу
  • Уюштуруу  учуру
  • -Аңгеме, анкета, тестирлөө.
  • -баланын  документтерин  анализдөө
  • медициналык  ,психологиялык ,  педагогикалык   жактан колдоо  көрсөтүү.
  • -байкоо ,мактоо ,өздук  делолорун  түзүү,  жакындан  аңгемелешүү
  • -ишендирүүчү  жыйынтык  чыгаруу.
  • *3.Соц  педагог эң  негизги  көңүл   бурган  опуртал   топтор
  • Ата-энелердин  ажырашуусу
  • Түрдүү  курактагы  балдар   ата-энелеринин  ажырашуусун   кандай  кабылдайт  жана   ага   карата   ар   башка  жооп   мамиле   кылат.Мындай  шартттагы   жооп   мамиленин   эң   кеңири  таралган   түрлөрү
  • -ишмердик   менен  оюнду  күчөтүү(пассивдүү  абалын   өзгөртүү  үчүн)
  • -каардануу
  • -чочулоо , коркуу
  • — ажырашуу  үчүн өзүн  жоопкер  сезүү
  • -жалгыздык   жана  ата-энесине   эки   анжы  болуу
  • -сабакта  жетишүүсунун  төмөндөшү
  • -өздөшүүсүнүн    бузулушу.
  • 2.*Ата-эненин   өлүмү
  • -кооптонуучулук
  • -Түнттүк ,обочолонуу  жана  көнүл  топтоо  маселелери
  • -кайгы  ,куса
  • -күнөө
  • -каардуулук
  • 3*Ата-энелердин   аркечтиги 
  • Ата-энеси  аракты  көп  ичсе ,балдардын  нерф  психикалык  өсүп   жетилишине  кедергиси  тийет.  Мындай  балдардын   акыл -эси  жакшы  өнүкпөй  калат. Ата-энелердин кызыкчылык   чөйрөсү  тар  болсо ,балдары   менен   өтө эле  аз  баарлашса,алардын   муктаждыктарына   көңүл   бурбаса , баланын  аң-сезими, өнүмдүү  акыл-эси    ишмердигин калыптандыруу  үчүн  зарыл  алгачкы  турмуштук  тажрыйба жана   жөнөкөй   билимдерди  алуу  мүмкүнчүлүгү  чектелет.
  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета