1.Билим берүү программаларынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы
2. Компетентүү окутуунун ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
3. Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
4. Материалдык-техникалык база
1.Билим берүү программаларынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы
2. Компетентүү окутуунун ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
3. Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
4. Материалдык-техникалык база
Мектепте билим берүү процесси билим берүү уюмунун Уставы аркылуу жүргүзүлөт жана Уставдагы максатка, милдеттерге жетүү үчүн мамлекеттик стандарттын жана жалпы билим берүү программаларынын чегинде мектеп жашындагы балдарга акысыз окутууну жүзөгө ашырат.Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган.Билим берγγнγн ар бир баскычы γчγн жумалык окуу жγктѳмγ жана чектелген окуу жγктѳмγ Мамлекеттик стандарт боюнча аныкталган.2016-2017-окуу жылынан тартып башталгыч кл жана 5,6-класстар мамл. стандарттын негинде предметтик компетенттүүлүк менен окутулуп жатат.2018-2019-о.ж 8,9-класстарда негизги предметтер,2020-2021-о.ж 10,11-класстарда математика, тарых физика предметтерине предметтик компетенттүүлүк кирген.Билим берүү боюнча коюлган максаттар жана алардын жыйынтыгы стандартка дал келет.
Окуу программасы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына дал келет. 2021-2022-окуу жылы үчүн окуу планы 297 саат менен бекитилди.Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген БОП то берилген мектеп компоненттери кызыктар тараптардын талабына ылайык,5-кл-информатика, 8-кл кыргыз тили, 10-кл-математика предметине бөлүндү.
окутууну тарбиялоону жакшыртуу планы
Уставды өзгөртүү боюнча пртокол
аппеляциялык комиссия курамы жөнүндө буйрук
администрациянын сабакка анализ картасы
Административдик текшерүүнүн маалыматы (биология, химия,география, тарых)
Административдик текшерүүнүн маалыматы (кырг тил, орус тили чет тили) (1)
Административдик текшерүүнүн маалыматы (математика, информатика, физика) предметтери
Билим сапатын анализдөө 3-чейрек
Билим сапатын анлиздөө 2-чейрек
Билим сапатын анализдөө 1 чейрек
Көзөмөлчүлүк кеңеш түзүү жөнүндө буйрук
Көзөмлчүлүк кенештин маалыматы
Көзөмөлчүлүк кеңештин протоколу
окуучулардын билимин баалоого карата иштелип чыккан талаптар
ата-энелер чогулушунун планы протоколдору
аппеляциялык комиссия курамы жөнүндө буйрук
Аттестат берүү боюнча маалымат
Базистик план сурамжылоо жыйынтыгы
Директор алдындагы кеңешменин планы
ЖРТ көрсөткүчү боюнча 5 жылдык мониторинг
Жумуш ордун аттестациялоо буйругу
Курстан өткөн мугалимдердин маалыматы
Журнал регистрации инструктажа
Мектептин ишмердүүлүгүн талдоо отчету
мектептин тарбиялык иштеринин планы
мугалимдин сабакка анализ берүү картасы
окуучуларды сыйлоо жөнүндө буйруктар
Паспорт антитеррористической защищенности
пед. кадрлардын сапаттык курамы
Сурамжылоо үлгүсү мектеп компоненти
мамлекеттик аттестациялоого жиберүү алдындагы ведомост 9-класс
Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоого жиберүү алдындагы сабактарды өздөштүрүү ведомосту
У.Б жетекчинин сабакка анализ берүү картасы
УБ жетекчилерин бекитүү жөнүндө буйругу,
математика3-класс сабактын планы
орус тилинен ачык сабактын планы
3-классмузыка предметинен сабактын планы
англис тили сабагынан күнүмдүк сабактын планы
Табийгый илимдер багытындагы предметтердин сабакка анализи
Гуманитардык багыттагы усулдук бирикменин протоколу
Г.Б.усулдук бирик.сабакка анализ
Б.кл усулдук бирикме .сабакка анализ
башталгыч класс сабактын планы
тарых предметинен ачык сабактардын планы
Календарлык план тарых 9-класс
Календарлык план Математика 1-класс
кыргыз адабияты ачык сабак 11-класс
Химия кабинетинин техникалык коопсуздук эрежеси
башталгыч класстын кабинет паспорту
Физика кабинетиндеги тех коопсуздук эрежеси
МТБ ны чыңдоо боюнча аткарылган иштер маалыматы
ачык сабак адабий окуу 3-класс
окутууну тарбиялоону жакшыртуу планы
Китепканачылык иштин багыттары, Д-10 формасы
Ден соолук бурчтары, аптечкалар сүрөттөр
китепканачынын кызматтык милдети
Административдик текшеруужонундо ЖОБО
Арыз,даттануу апелляцияларды кабыл алуу жонундоЖобо
Билим беруу сапатына мониторинг жургузуу жонундо ЖОБО
Сабакты пландаштырууну жонго салуу жонундо ЖОБО
окуучулардын ден соолугун коргоо жобосу
Окуучулардын билимин баалоо тутуму жонундо ЖОБО
Ички козомол жонундо ЖОБОИчки эмгек тартиби Жобо
Окуучулардын ички тартибинин эрежелери
Мугалимдердин ички эмгек тиртип эрежелери
Мугалимдердин кесиптик этика нормалары жонундо ЖОБО
жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобо
Жарандардын арыз даттанууларын каттоо журналы
Аралыктагы баалоо. чейректик иштер, тесттердин анализдери
аралыктагы баалоо . чейректик баалоо жыйынтыктары
Билим сапатынын 5-жылдык мониторинги
Олимпиаданын 5-жылдык жыйынтыгы
1-11-класстын окуучуларынын соц паспорту
Ачык эшик декадасынын анализдери
Ишеним кутучасынын иштоо тартиби жонундо Жобо
Ишеним почтасына түшкөн каттарды каттоо китеби
окуучулардын ден соолугун сактоо боюнча иш чаралардын пл
Провсоюз комитетинин торагасынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Кароолчулар учун эмгекти коргоо жана коопсуздук чаралары боюнча нускама
Китепканада эмгекти коргоо боюнча нускама
Информатика кабинетинин башчысынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдети
Физика кабинетинин башчысынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Окуу болум башчысынын эмгекти коргоо боюнча милдеттери
Химия мугалиминин эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Мектепте эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча корсотмо
Мектепти тазалоочулардын эмгекти коргоо бонча нускамасы
Мугалимдин коопсуздугу учун эмгек милдеттери
Класс жетекчинин эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдети
Ашпозчулар учун эмгекти коргоо боюнча нускама
Эмгекти коргоо боюнча завхоздун кызматтык милдеттери
К.Мамытов атындагы мектептин кызматкерлеринин эмгекти коргоо боюнча эрежеси
Орт коопсуздугун камсыз кылуу жонундо Жобо
Орт коопсуздук эрежелерин сактоону кучотуу .
Озгочо кырдаал боюнча окуучулардан алынган инструктаж
Мугалимдерден алынган инструктаж
Инструкция о мерах пожарных безопасноти
Провсоюз комитетинин торагасынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Кароолчулар учун эмгекти коргоо жана коопсуздук чаралары боюнча нускама
Китепканада эмгекти коргоо боюнча нускама
Эмгекти коргоо боюнча завхоздун кызматтык милдеттери
Ашпозчулар учун эмгекти коргоо боюнча нускама
К.Мамытов атындагы мектептин кызматкерлеринин эмгекти коргоо боюнча эрежеси
Мектепти тазалоочулардын эмгекти коргоо бонча нускамасы
Класс жетекчинин эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдети
Мектепте эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча корсотмо
Химия мугалиминин эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Физика кабинетинин башчысынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдеттери
Окуу болум башчысынын эмгекти коргоо боюнча милдеттери
Информатика кабинетинин башчысынын эмгекти коргоо боюнча кызматтык милдети
Мугалимдин коопсуздугу учун эмгек милдеттери
Жарандардын арыз даттанууларын кароо комиссиясын бекитүү буйругу.
Мугалимдин оз сабагына анализ берүү картасы
Ата-энелер учун сурамжылоого анализ
Окуучулардын сурамжылоосуна анализ
Окуу-методикалык пландар ОТЖП мамлекеттик стандартка, ата-энелердин суроо талаптарына жана керектөөлөрүнө ылайык келип, окутуунун мамлекеттик стандартындагы баскычтарга шайкеш келген билим берүүнүн жана бүтүрүүчүнүн модели катары үлгүдө иш алып барылат. Окуу жылынын жыйынтыгы менен мектептин SWOT анализин түзүү, көйгөйлөрдү алып чыгуу жана кийинки окуу жылына максат милдеттерди коюу, окуучулардын жана ата-энелердин суроо-талаптарына жараша жүргүзүлөт.Буга негиз болуп окуу жылынын аягында ата-энелерден жана окуучулардан анкета сурамжылоолордун жъргъзълъшъ.БОП тогу мектеп компонентинин акы төлөнүүчү ийрим иштеринин предметтерге бөлүнүп берилиши бир жылдык талдоонун негизинде педагогикалык кеңешмеде каралып бекитилет.Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2021-ж 22.10 №229 буйругу менен бекитилген «Көзөмөлчүлүк кеңеши» окуу-методикалык пландоодо кызыктар тараптардын ой пикирлерин суроо-талаптарын тең салмакта сактоону камсыз кылууну көзөмөлдөйт.
Жалпы мектептик китепкана фондунда 6528 китеп бар.Анын ичинен окуу китептери 3825.Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болуусу:1-4-кл-71,1%,5-9-кл-87,9%, 10-11-кл-81,4%. Жетишпеген китептер ата-энелер тарабынан жана китепканчы тарабынан жакынкы мектептерден акт түзүү жолу менен камсыздалат.КР Билим берүү министрлиги тарабынан жыл сайын окуу китептери толукталып турууда.Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан окуу- методикалык адабияттардын фонду толукталып турат.Билим беруу министрлиги тарабынан 45,демөөрчүлөр тарабынан 200 көркөм-адабий китеп , «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде айыл тургундарынан 215 адабий китеп чогултулду.Башталгыч класстардын «Окуу керемет» долбоорунун алкагында USAIDдин каржылоосу менен 870 балдар үчүн китептер менен камсыз болду. Мектеп «МЕРСИКО» уюму менен кызматташып келет жана таза колдор, ден соолук, сан гигиена туурасында постерлер, методикалык китептер менен камсыз болду.Мектептин Д-10 отчеттуулугу Жаңы китеп»базасында автоматташтырылган
Билим берүү прпограммасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызктар тараптарпдын күтүүлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо КРББ и М » Келечек үчүн окутуу» долбоорундагы кызыктар тараптардын өз ара таасир этүү планындагы концепцияларына ылайык укуктук-нормативдик базасы менен камсыз болот жана андагы көрсөтүлгөн механизмдер ишке ашат.Кызыктар тараптар болупББ министрлиги,ата-энелер, окуучулар, коомчулук, айыл өкмөтү,өнүктүрүүчү өнөктөштөр болуп эсептелет.Маалыматты чогултуу жана баалоо менен мурунку жылда аткарылган отчеттор кызыктар тараптар менен анализденип, келерки жылга оңдоп түзөөлөр менен милдеттер аныкталат.Ар бир маалыматтын соц.тармактарда, мектептин веб сайтында, мам.аттестациялоо жоболорунда конфиденциялуулук камсыз кылынат.Тиешелүү адамдар гана базага кире алышат.Окуучулардын социалдык абалы, ден соолугунун квалификациялары ачык болбойт.
Сабактарда окутуучулар тарабынан негизги жана предметтик компетенттүүлүктү камсыз кылуу боюнча максаттарга жетүү үчүн төмөндөн жогору карай, жөнөкөйдөн татаалга өтүү ыкмасы менен пландаштырылат.Мисалы: репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү деңгээлге жетүү.мамлекеттик стандарттын талабына ылайык сабактын максатын коюда алгач күтүлүүчү натыйжага жетүү үчүннегизги басым сабактын ар бир этабында баалоо жүргүзүүгө багытталат. Сабактын максаттарын коюда ар бир мугалим окуучунун плзициясында окуучулар менен бирдикте максат аныктоого жетишет.Окутууну пландаштыруу окуучулардын компететтүүлүгүн камсыз кылууга багытталат. Ар бир мугалим күнүмдүк сабактын планын жазып бекиттирет жана сабакты анализдөө картасын колдонушат.Окутуунун сапатын жакшыртуу мектептин ички көзөмөлүндө каралат.
Мугалимдердин 90% интернет булактарынан ар кандай маалыматтарды алып сабактарда колдонууну билишет жана системалуу түрдө колдонушат. 19 мугалимдин ичинен 14 мугалим жеке каражатына ноутбук менен камсыз болушкан.Сабактарда проектор, интернет булактарын, телевизор колдонуп өтүшөт.Окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн аларга интернет булактарынан маалыматтарды алууга, тапшырмаларды аткарууга презентацияларды даярдоого тапшырмаларды бере алышат.Окуу процессине тиешелүү болгон мобилдик тиркемелерди пайдалана билүүсү үчүн мектепте үч күндүк семинар уюштурулуп 72 сааттык программадагы интернет булактарынан мобилдик тиркемелер менен иштөө, компьютердик сабатттуулук боюнча билимин жогорулатып,сертификат алышкан. Бардык мугалимдер сабактарда интерактивдүү, усулдар менен сабак өтүшөт. 30 % мугалимдер Kahoot, google test, zipgrade жана башка программаларды пайдалануу менен тесттин турлору менен иштешет.
Мектепте системалуу түрдө өз ара сабакка катышуу-УБ жетекчилери, насаатчы мугалимдер, мектеп администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.Пландалган ачык сабактарга жаш мугалимдер чакыртылып, ар бир сабактын аягында анализ берилип, усулдук сунуштамалар берилет. Мектеп администрациясы, У.Б жетекчилери тарабынан бааланат.Сабактарга анализ берүү үчүн мектепте атайын сабактарга байкоо жургузуу жобосу иштелип чыккан.Жобого ылайык мектеп администрациясынын, У.Б жетекчилердин, , мугалимдердин сабакты анализдөө карталары иштелип чыккан.Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети сунуштаган формасы да колдонулат.Башталгыч класстарда «Окуу керемет» долбоорунун алкагында BaalooAPP тиркемеси аркылуу математика, адабий окуу, кыргыз тили сабактарына анализ берилип турат.Пандемия шартында аралыктан окутуу мезгилинде мобилдик тиркемелерден ZOOM платформасы аркылуу сабактарга байкоо жүргүзүлүп турду.Бардык предметтердин берилиштери боюнча административдик текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча куралдары иштелип чыккан.М: чейректин , окуу жылынын аягында ата-энелер чогулушунда талкууланып,отчеттор берилип турат.Билим берүүнүн талаптарына ылайык предметтер боюнча алган баалары, мектептен, класстан тышкаркы иш-чараларга катышкандыгы боюнча жетишкендиктер, спорттогу, олимпиадалардагы ар кандай сынактардагы тесттердеги жетишкендиктерди баалоонунобьективдүүлүгү жана ачык айкындуулугу системалуу түрдө ата-энелерге жеткиликтүү болушу камсыз болгон.2023-2024-окуу жылынан баштап «Электронук журнал», «Электрондук күндөлүк» системасы ишке киргизилет.Окуучулардын жетишкендиги боюнча окуу жылынын аягында «Жылдын мыкты окуучусу» конкурсунун жобосуна ылайык бир жылдык мониторингдин негизинде чыгарылат. Окуучулардын жетишкендиктери боюнча сыйлоо грамоталары берилет.
«Окуучулардын жетишкендиктеринин баалоо» жобосунун негизинде «Баалоо эрежелери» жана куралдары иштелип чыккан.Сабакта баалоонун формалары катары диагноздоочу, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу түрлөрү колдонулат. Окуу процесси убагында окуучулардын билими сабактын ар бир этабында бааланат жана өздөштүрүүсүнө, жазуу иштеринин тесттердин, практикалык-лабороториялык иштеринин, мониторингдердин жыйынтыгы менен бааланып чейректик баалары, анын негизинде жыйынтык баалары коюлат.Окуучуларга жетишкендиктери тууралуу баалары өз убагында билдирилет.Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоо боюнча, аппеляцияларды кайра кароо боюнча жоболор иштелип чыккан.Анын негизинде баалоо жүргүзүлөт.Мамлекеттик билим берүүнүн стандартынын жоболоруна ылайык чейректик, жылдык отчеттор белгиленет.Жалпы ата-энелер чогулушунун токтомдору, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоого жиберүү алдындагы сабактарды өздөштүрүү ведомстволору аркылуу маалымдоо жүргүзүлүп турат.
Мектепте психологиялык коопсуз чөйрө түзүү аспектиси катары социалдык коопсуздукту камсыз кылууда кызматкерлердин, окуучулардын,ата-энелердин укуктарынын чектелбеши,зомбулуксуз, толлеранттуу чөйрөнү түзүү камсыздалган.Коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлердин, окуучулардын ички тартип эрежелери иштелип чыккан.Мектептин соц.педагогу, класс жетекчи тарабынан ар бир окуучуга карата социалдык паспорт толтурулуп,анализ берилет. Окуучулар арасында сурамжылоо ар чейрек сайын жүргүзүлүп,жыйынтыгы чыгарылып турат.Окуучулар үчүн «Ишеним кутучасы» уюштурулган.Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 16 точкага видеобайкоо орнотулган.Окуучулардын ден соолугун сактоо боюнча ички нормативдик актылар иштелип чыккан.Физминутка,классты желдетүү сыяктуу ооруну алдын алуучу процедуралар күнүгө өткөрүлүп турат жана көзөмөлдөнөт. Залдарга кол жуучу раковиналар коюлуп,аристондор орнотулган.кол жуучу каражаттар, самын салфеткалар демөөрчүлөрдүн жардамы менен камсыздалып турат.
Мектепте ички баалоонун төмөндөгүдөй комплекстүү формасы пайдаланылат:
-күнүмдүк баалоо
-аралыктагы баалоо(чейректик иштер, тесттер)
-жыйынтыктоочу баалоо(экзамендер, мамлекеттик аттестация)
Жогорудагы баалоонун негизинде ички мониторинг жүргүзүлөт, предметтер боюнча билим сапатынын деңгээли аныкталып өсүү-кемүү динамикасы аныкталат.Тышкы баалоонун формалары болуп:
-ЖРТ көрсөткүчтөр
-предметтик олипиадалардын көрсөткүчтөрү
_СЕКОМ,НОВА ЦООМО тесттеринин натыйжалары болуп саналат.Ички тышкы баалоонун натыйжасы менен алсыз жактары анализденип кемчиликтерди жоюу боюнча жаңы окуу жылына карата тапшырмалар милдеттер коюлуп турат.Ал эми ички баалоонун негизинде чейректердин жыйынтыгы менен билим сапатынын пайыздык көрсөткүчүнүн өсүү динамикасы билинет.
Кызыктар тараптардын,жарандардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүү боюнча жарандардын арыздарын кайрылууларын каттоо китеби уюшулган жана атайын комиссия түзүлгөн.Ар бир окуу жылында ата-энелер үчүн декада уюштурулат жана ар жуманын бейшемби күнү ата-энелер үчүн «Ачык эшик » күнү уюштурулган.Жарандардан түшкөн кайрылуулардын мүнөзүнө жараша комиссия менен биргеликте каралып иш алып барылат.Жообу кат жүзүндө же эл.дарекке жиберилет.Мындан сырткары купуялуулук сакталуу үчүн мектепте «Ишеним кутучасы» Ишеним телефондор» иштейт.
Педагогикалык персоналдардын квалификациясынын жана билиминин адистигинин билим берүү программасына шайкеш келүүсү боюнча иш-аракеттер төмөндөгүдөй тартипте аткарылат:
-диплом
-адистиги
-кесиби
-кайра даярдоо боюнча өткөн сертификаттары
-дасыктык талабы
-окутуу тили
Мектеп педагогикалык кадрлар менен толук камсыз болгон.Кызматкерлердин өздүк делолору билими тууралуу дипломдордун негизинде квалификациясына жараша окуу жүктөмдөрү бөлүштүрүлөт.Штаттык комплектилөө КР ББИМ нин Базистик окуу планында көрсөтүлгөн предметтерге карата алдын алуу окуу жылынын аягы менен, ал эми окуу жылынын башталышы менен жыйынтыктоочу тиешелүү кадрлар мугалимдердин жүктөмдөрүнүн минималдуу босого талаптарына ылайыктуу жүргүзүлөт.
Мектепте окуу процессиндеги эң негизги коопсуздук-окуучуга багытталган.Мектептин негизги максаты-бала үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү.Буга байланыштуу мектепте эмгекти коргоо ,эвакуация пландары, санитардык түйүндөр, электр жабдуулар,эмеректер,пандустар,өрт өчүрүүчү шаймандар, жыл мезгилдиндеги сезондорго карата жылуулук температурасы, таза аба,таза суу, тышкы ажатканалардын, электр коопсуздугу, спорттук аянтчалар,мектептин айланасындагы люктар,тосмолор, жол белгилери, видео байкоо камералары, азык-түлүктөрдү кабыл алууда бракераждоо, сактоо, иш оорундар, кире бериште фильтр,санитайзерлердин абалы жакшыртылып, бардык кызматкерлерге , окуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүлүп кол койдурулат.Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери профсоюз тарабынан макулдашылып, директор тарабынан бекитилген. Физика, химия, информатика, эмгек сабактары өтүлүүчү кабинеттерде атайын журналдар ачылып,окуучуларга коопсуздук эрежелери тааныштырылып,кол койдурулат.
Мектепте педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын(29-берене), «Мугалимдин статусу» мыйзамынын (5-берене) КР Эмгек Кодексинин (105,196-беренелери) негизинде педагогикалык кызматкерлер беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогрулатууга милдеттүү» мыйзамына ылайык ар бир окуу жылында тиешелүү мугалимдер өз билимин көтөрүү курстарына жиберилет.Бул боюнча педагогикалык кызматкерлердин курска жиберүү графиги түзүлгөн.Акыркы 5 жыл ичинде жалпы педагогикалык жамааттын 65 % графиктин негизинде өз билимин көтөрүү курстарынан өттү. Мындан сырткары айрым мугалимдер ар кандай онлайн курстарга катышып сертификаттарды алышкан.Мектептин кызматкерлерине дем берүү максатында сыйлык тапшыруу жогорку органдарга сыйлыкка сунуштоо каралган жана демөөрчүлөрдүн, кесиптик бирлик уюмдардын жардамы менен акчалай жана белектер тапшырылат.
Мектеп 4 корпустан турат.Бардык корпустарда пандустар мектептин шартына ылайыкташтырылып жасалган.10 класс кабинет, 1 компьютердик класс,15 окуучуга ылайыкталган ашкана, китепкана,спорт зал,кичи футболдук аянтча,мугалимдер үчүн усулдук бөлмө бар.Мектепте жалпы 8 компьютер 3 принтер 1 проектор бар. Интернет түйүнүнө администрациянын 2 компьютери туташтырылган.Интернет желеси окуучулар үчүн жеткиликтүү эмес.Актовый зал,окуу залы,,окуу бөлүм башчысынын кабинети, организатор, соц.педагог, ӨӨБуюмунун кабинети, кошумча ийрим иштерин өтүүгө кабинет, кенже тейлөөчү персоналдарга көмөкчү кабинеттер жок.Мектеп көмүр менен жылытылат. 16 точкага видеобайкоо орнотулган.МТБ ны жакшыртуу максатында мектептин страт планы түзүлгөн.МТБ ны жакшыртуу боюнча аткарылган иш чаралардын бардыгы МӨП, страт планда индикатор катары каралган.
Мектепте окуу-материалдык база коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча талаптарга жооп берет.Экологиялык, санитардык,эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер;суу, канализация,тамактануу,жарыктандыруу Сан.ПИН эрежелерине жооп берет.Мектептин айлана-чөйрөсү, класс кабинеттер, залдар көрктөндүрүлүп жашылдандырылган.Бардык корпустарда окуучулар үчүн кол жуучу раковиналар орнотулуп,ысык суу кошулган.Ар бир корпустарда өрткө каршы щиттер толук комплектиленип коюлган жана өрткө каршы эвакуация планы бекитилип илинген.Мектептин сыртында таштанды челектер орнотулган.Жылдын сезонуна карата жылуулук температурасынын жана желдетүү эрежелерин аткарууга толук шарттар түзүлүп,санитардык эрежелерди сактоо боюнча алгоритм сакталат.Эмгекти коргоо боюнча жумуш орундары ар бир окуу жылында аттестацияланып турат.Окуучулар, тех.кызматкерлер, педагогдор медициналык кароодон өткөрүлүп турат.Коопсуздук эрежелери боюнча буйруктар чыгат.
Мектепте МТБ ны жакшыртуу боюнча 5 жылга Стратегиялык планы жана Мектепти өнүктүрүү планы түзүлгөн.Жылына бир жолу инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт.Мектептин МТБ ны чыңдоо:
-долбоорлорду жазуу аркылуу;
-демөөрчүлөр аркылуу;
-камкорчулар кеңеши аркылуу;
-жергиликтүү бюджет аркылуу ишке ашырылат. Булардын негизинде акыркы 5 жыл ичинде мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо 60% өстү.Мектептин 4 корпусу тең капиталдык ремонттон өттү(чатыры, полдору алмашылды, ички дубалдары, сырткы дубалдары, электричество ж.б. жаңыланды) ашканага эмеректер алынды, алма бак отургузулду, азык-түлүк сактоочу погреб курулду,башталгыч класстардын корпусуна 6 очколуу ажаткана курулду, 16 точкага видеокамералар коюлду, мектептин эл. почтасы ачылды,веб сайты иштелип чыкты.Мындан сырткары электрондук күндөлүк, электрондук журнал системасы ишке киргизилет.МТБ ны жакшыртуу боюнча аткарылган иш чаралардын бардыгы МӨП, страт планда индикатор катары каралган.